Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Ирак парламенти көпчүлүк добуш менен жаңы өкмөттүн курамын бекитти.


Премьер-министр болчу Ибрагим Жаафаринин сунушу боюнча өкмөттүн курамына 36 министр жана эки вице-президент кирет. Бул соңку жарым кылымдан ашык мезгилден бери биринчи ирет эл шайлаган өкмөт.
Жаңы өкмөт боюнча сүйлөшүүлөр январда өткөн жалпы элдик шайлоодон бери жүрүп жаткан.
Евробиримдик жана Түркия Ирактын жаңы өкмөтү түзүлгөнүн жылуу колдошту.
Биримдиктин өкүлү Эмма Удвин айым: «Еврокомиссиянын жетекчилиги Ирактын убактылуу өкмөтү менен тез арада кездешип, өз ара кызматташуу маселесин талкуулоого кызыкдар», деп билдирди.
Түркиянын тышкы иштер министрлиги өкмөттү түзүү Иракта тартипти орнотууну тездетет деген үмүттө экенин маалым кылды.
Багдадда Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти.

XS
SM
MD
LG