Тегерандын делегациясы Германиянын,Франциянын жана Британиянын өкүлдөрү менен Ирандын атомдук программасына байланыштуу түйүндүү проблемаларды талкуулайт. Кечээ Гаагада иран жана нидерланд тышкы иштер министрлери Камал Харрази менен Бернард Бот ушул темада сүйлөшүүлөр өткөрдү. Харрази эгер Евросоюз менен Тегеран бул маселеде бир келишимге келе албаса жана сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, Иранга уран байытууну уланткандан башка арга калбай турганын эскертти. Буга Ирандын толук укугу бар жана аны эч ким тартып алалбайт, деп айтты Харрази.