Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Балыкчы экологиялык постунун кызматкерлери кызматтан негизсиз бошотулганын билдиришет


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусундагы Балыкчы экологиялык постунун кызматтан бошотулган 13 кызматкери Курманбек Бакиевге жана Азимбек Бекназаровго арыз кат жолдошту. Арыз каттын ээлеринин билдирген маалыматтарына караганда, Ысыккөл биосфералык аймагынын башкы деректири Авазбек Арынов, посттун башчылары Нурлан Имашев жана Бакыт Акималиев эч себепсиз эле Балыкчы экологиялык постунун 13 кызматкерин жумуштан бошотуп салышкан. Алардын ордуна жең ичинен пара алуу жолу менен башкаларды кызматка алышкан. Бул пост үч адамдын гана жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп, ал жер алардын жеке менчигине айланып баратат дешкен арыз кат ээлери Авазбек Арыновдун, Нурлан Имашевдин жана Бакыт Акималиевдин ээлеген кызмат орундарынан четтетилишин талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG