НАРЫН. Конференцияны өткөрүүчү жумушчу топтун мүчөсү Алыбек Акунов 29-апрелде “Азаттыкка” билдиргендей, облус аймагынан үч жүзгө чукул делегат жана Бишкектеги нарындык белгилүү саясатчылар чакырылат. Конференция ыңкылаптан кийин республикадагы абал, өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, президенттик шайлоо жөнүндө сөз болот. Жумушчу топтун айрым атын атагысы келбеген мүчөлөрдүн айтымында, конференцияда президентке бир талапкерди көрсөтүү аракети да көрүлмөкчү.