Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Президенттикке дагы бир талапкер чыкты


БИШКЕК. Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирикмесинин төрагасы Акбаралы Айтикеев 10-июлга белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары катышаарын билдирди. Ал шайлоого катышуу ниетин билдирген арызды Борбордук шайлоо комиссиясына 29-апрелде тапшырганын кабарлады. Буга чейин президенттик шайлоого талапкер катары катышаарын Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Алмаз Атамбаев, Баяман Эркинбаев, Нурбек Турдукулов жана башка бир катар саясатчылар билдирген.

XS
SM
MD
LG