БИШКЕК. 29-апрелде 60 чукул адам Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына кирип барышты. Алар менен министр Миталип Мамытов жолугушту. Өлкөнүн ар кыл региондорунан келген атуулдар жана оорулуулар гуманитардык жардамга келип жаткан дары-дармектер элге жетпей жатканын билдиришти жана аларды бөлүштүрүүдө адилеттүүлүктү камсыз кылууну талап кылышты. Атуулдар ошондой эле министрдин орун басары Гүлжигит Аалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Кечке жуук пикетчилер тарап кетишти.