БИШКЕК. Келерки аптадан баштап «Азаттык» үналгысы менен Улуттук телерадиокорпорациясынын биргелешкен долбоору ишке кирет. Долбоорго ылайык дүйшөмбү күндөн тарта «Азаттыктын» жарым сааттык уктуруусу кечки саат 6.00дан 6.30га чейин FM-104,1 жыштыгындагы биринчи канал аркылуу да уктурула баштайт. Ал эми 4-майдан тарта «Азаттык КТР» биргелешкен телеборбор ишке кирет. 25 минуталык бул берүү «Ыңгайсыз суроолор» деп аталып, ал шаршемби сайын кечки саат 21.05те башталат.