Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Таштемир Айтбаев Коопсуздук кызматынын төрагалыгынан кетпейт


БИШКЕК. Мындай пикирин ал жума күнү Жогорку Кеңеште билдирди. 25-апрелде Коопсуздук кызмат имаратынын алдында нааразылык билдирген карабалталык тургундар Таштемир Айтбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Айтбаевдин айтымында, анын кызматы айрым күчтөрдүн каалоосунан көз каранды эмес жана ал коммунисттик доордон бери элге кызмат кылып келатат. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө бир апта мурда Карабалта аймагында коопсуздук кызматы тарабынан курал-жарагы бар төрт адамдын кармалышы себеп болгон. Нааразы тарап бул адамдарды бейкүнөө фермерлер деп эсептешет. Ушундай эле көз карашка Жогорку Кеңештин №67 Карабалта шайлоо округунан шайланган депутат Талантбек Субанбеков да кошулат. Ал эми Коопсуздук кызматы кылмышка шектелгендерди кармоого негиз бар деп эсептеп жатат. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун үч күн мурун билдирген маалыматына караганда, кармалган адамдардын экөө ооруканада, ал эми экөө өздөрүнүн тил катынын негизинде убактылуу бошотулган.

XS
SM
MD
LG