Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Баяман Эркинбаевге кол салуу болду


БИШКЕК. 28-апрелде кечки саат 11ге жакын Бишкектеги «Кыргызфильмдин» аймагында Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө кол салуу болду. Бул тууралуу 29-апрелде маалымат жыйынында Эркинбаев билдирди. Маалыматка караганда депутатты белгисиз бирөө тапанча менен аткан. Атылган ок анын мурдун чарпып өткөн. Баяман Эркинбаевдин пикиринде кол салуу анын президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетине байланыштуу болду. Буга чейин президенттик шайлоо талапкер катары катышууга олку-солку болуп турсам, эми барууга бекем бел байладым, деп белгиледи Баяман Эркинбаев. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин депутатына кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG