Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Бүгүн Британиянын баш калаасында Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө


ТЕГЕРАН. Ирандын мурдагы президенти, таасирдүү саясатчы Хашеми Рафсанжани Иран Уранды байытуу укугунан эч качан баш тартпай турганын билдирди. Анын аралыгында бүгүн Британиянын баш калаасында Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө. Еврошериктештиктин өкүлдөрү эгерде Иран ядролук программасынан баш тартса, ага экономикалык жардам көрсөтүп, дагы башка жеңилдиктерди берүүгө убада берип жатышат. Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харази эгерде сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураса анын өлкөсү ядролук программасы жанданта турганын билдирди. Ал Еврошаркет тарабынан сүйлөшүүлөрдү Британия, Франция жана Германия жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG