Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Республиканын эсептөө палатасы Ысыккөл облстук акимчилигинин эсеп-кысап иштерин текшерүүдө


КАРАКОЛ. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, облустун мурдагы губернаторунун милдетин аткаруучу Ишенбай Молдоташевдин өтүнүчү менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы толук аяктай элек. Бирок эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн айрым маалыматтары боюнча облустук акимчиликте экономикалык кылмыштар катталууда. Маселен, экс-губернатор Тойчубек Касымов облустук акимчиликтин балансасында турган турак үйдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 миң сомго ремонттотуп, аны аялынын наамына каттатып, арзыбаган баага менчиктештирип алган. Кийин губернаторлор үчүн салынган бул үйдү президенттик администрациянын иш башкаруу башкармалыгы тарабынан кайра облустук акимчиликке 2 млн. 200 миң сомго саткан. Ошондой эле облустук акимчиликтин айрым кызматкерлери жер салыгынын ижара акысын төлөбөй, эгин аянттарын бекер иштетип келишкен. Атап айтканда, облустук акимчиликтин мурдагы аппарат башчысы Мирлан Үсөнакунов жер салыгы жана ижара акысы үчүн 40 миң сом карыз.

XS
SM
MD
LG