Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Курманбек Бакиев христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады


БИШКЕК. 30-апрелде президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев Кыргызстандагы православ дининдегилерди ыйык Пасха майрамы менен куттуктады. Анда Бакиев өлкөдөгү бардык улуттар, ар кайсы диний ишенимдегилер Башмыйзамдын негизинде укуктары корголуп, бирдиктүү аракет кылуунун негизинде учурдагы кыйынчылыктан чыга тургандыгын жана келечекте өнүккөн коом курулаарын белгилеген.

Кыргызстандагы православ дининдегилер Бишкектеги борбордук чиркөөдө түнкү саат 12де ыйык Пасха майрамынын диний жөрөлгөлөрүн өткөрүлөт. Ага миңден ашуун адамдын катышуусу күтүлүүдө. Азыр Кыргызстанда православ багытындагы христиан динин тутунгандардын саны жалпы өлкө калкынын 17 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG