Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Темир жолчулар ачкалык акциясын улантышууда


БИШКЕК. Бишкекте темир жол башкармалыгынын 15 жумушчусу 26-апрелден бери ачкалык акциясын улантууда. Алар өкмөттөн темир жол тармагында көп жылдар бою топтолгон маселелердин чечилишин, андагы коррупциялык иштердин токтолушун, тармакта ага тиешелүү гана адистердин иштешин талап кылып жатышат. Ачкалык жарыялагандар темир жол башкармалыгынын азыркы башчысы Нариман Тулеевди кызматтан алып, анын ордуна башкармалыктын мурдагы жетекчиси Арген Малабаевди дайындоо талабын да коюшууда. Ал эми Нариман Тулеевдин пикиринде нааразылык акцияда отургандардын талаптары негизсиз. Өлкөнүн транспор жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков 30-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына билдиргендей, кийинки аптада ал темир жол башкармалыгында болот жана буга чейин Нариман Тулеевди кызматынан бошотуу жөнүндө сунушун премьер-министр Курманбек Бакиевге жолдоду.

XS
SM
MD
LG