Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:25

Д. Үсөнов Бишкектеги курулуш объектилеринде болду


БИШКЕК. 30-апрелде Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Бишкек шаарындагы бир нече курулуш объектилерин кыдырып чыкты. Борбор калаадагы темир-бетон шаймандарын чыгаруучу заводунда, бир катар курулуш объектилеринде, Түркиянын Кыргызстанда иштеп жаткан «Озгук Иншаат» курулуш компаниясында жана башка жерлерде болуп, алардын ишиндеги кыйынчылыктар, орун алган маселелерге кызыкты. Данияр Усөнов билдиргендей, Кыргызстанда курулуш тармагын өнүктүрүү учурда өкмөт тарабынан артыкчылык берилген багыттардын бири. Ал ошону менен бирге өлкөдө курулуш тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө өкмөт тарабынан аракеттер көрүлөөрү жөнүндө белгиледи.

XS
SM
MD
LG