Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Саламаттык сактоо министрлигинин аракети


БИШКЕК. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов жума күнү нааразылык билдирип министрликтин имаратына кирип барган адамдардын койгон талаптарынын айрымдары жүйөөлү экенин 30-апрелде “Азаттыкка” билдирди.

- Мен нааразылык билдиргендердин талаптарынын айрымдары менен макулмун, кээ бирөөсүнө өтө деле эмес. Мисалы үчүн, алар ооруканада жаткандардан акча төлөмдөрүн албагыла, деп талап коюп атышат. Ал үчүн өкмөттөн биздин министрликке көп акча каражаты бөлүнүшү керек. Ансыз өкмөттүн токтомун бузууга акыбыз жок. Экинчи маселе - гуманитардык жардам боюнча. Эгерде ошол гуманитардык жардамга келген дары-дармектер базар, аптекаларда сатылса бизге кайрылышсын, биз тиешелүү чара колдонобуз. Андай маалымат бизге түшкөн жок. Андыктан бул тим эле курулай сөз.

Министрдин кошумчалаганына караганда, анын орунбасары Гүлжигит Аалиев учурда иш сапары менен сыртта жүргөндүктөн, анын маселеси Бишкекке келгенден кийин териштирилет.

29-апрелде 60ка чукул адам Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына кирип барышкан эле. Алар ооруканаларда жатып дарыланууну акысыз кылууну жана министрдин орунбасары Гүлжигит Аалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Алар министр Миталип Мамытов менен жолугушкандан кийин имаратты бошотушкан.

XS
SM
MD
LG