Кытайдын Шанси провинциясындагы шахтада мындан эки күн мурда болгон жарылуудан 15 адам ажал тапканы бүгүн белгилүү болду. Куткаруучулар жети адамды сактап калганы тууралуу "Синхуа" маалымат агенттиги кабарлады. Апта башында дагы бир шахтада жарылуу болуп, 10 киши набыт кеткен.