Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:41

Тайвандын Гоминдан партия жетекчиси Кытайга келди


Тайвандын оппозициялык Гоминдан партиясынын жетекчиси Лиен Чан бүгүн Кытайда өзү туулган Сиан провинциясына келди: "Сиан - менин туулуп-өскөн жерим, мен бул жерден сегиз жашар кезимде кеткем", - деди Лиен. Кечээ күнү Лиен Бээжин шаарында Кытай төрагасы Ху Цзинтао менен жолукту. Гоминдан партиясы Кытайды ХХ кылымдын биринчи жарымында башкарган жана 1949-жылы бийликке коммунисттер келгенде, анын жетекчилиги Тайван аралына качып, ал жерде өз алдынча мамлекет түзгөн.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG