Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Жапония премьер-министри Индиядан Пакистанга келди


Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми бүгүн эки күндүк сапар менен Индиядан Пакистанга келди. Ал президент Первез Мушарраф жана премьер-министр Шаукат Азиз менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы байланыштардан тышкары - Улуттар уюмун реформалоо жана өзөктүк куралды жайылтпоо маселелерин талкуулады. Андан тышкары, Токио Пакистанга кайрадан экономикалык жардам көрсөтмөй болду. 1998-жылы Пакистан күтүүсүздөн өзөктүк бомба сынагандан кийин Жапония андай жардамды токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG