Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандантышы мүмкүн


Ирандын айтымында, эмки аптада өлкөнүн Исфахан шаарындагы ишканада өзөктүк изилдөөлөр кайра башталышы мүмкүн. Ал тууралуу Батыш өлкөлөрү менен Ирандын атынан сүйлөшүү жүргүзгөн Хасан Роувани бүгүн билдирди: "Уранды байытуу иштери Натанц деген шаарда болгон, биз ал иштерди улантпайбыз, бирок кээ бир өзөктүк изилдөөлөр жанданат", - деди Роувани. Бул маселе боюнча Иран менен Европа биримдигинин өкүлдөрү ортосунда былтыртан бери көптөгөн сүйлөшүү болгон жана европалыктар Тегеранга, эгер ал өзөктүк программасын токтотсо, көптөгөн соода жеңилдиктерин жана башка жардам убада кылган. АКШ менен Израилдин туруму болсо катуу жана алар Иран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде кароону сунуштап жатат. Ирандын ырасташынча, анын өзөктүк изилдөөлөрү аскерий максатты көздөбөйт.

XS
SM
MD
LG