Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Иракта Саддам учурунда өлтүрүлгөндөрдүн дагы бир кабыры табылды


Ирактын Адам укуктар боюнча министри Бахтияр Аминдин айтымында, өлкөнүн түштүк аймагында кеминде 1500 адамдын денеси чогуу көмүлгөн мүрзө табылды. Алар - 1980-жылдарда президент Cаддам Хусейндин режими тарабанын өлтүрүлгөн күрддөр: "Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар, арасында беш гана бойго жеткен эркек киши бар экен. Алар Күрдистандан алып келинген күрддөр жана биздин оюбузча, алар 'ал-Анфал' деп аталган операция учурунда 1988-жылы өлтүрүлгөндөр болуш керек", - дейт Ирак министри. Самава деген шаар алдында табылган бул кабыр далилдери - Саддамга каршы өтө турган сот учурунда пайдаланылат.

XS
SM
MD
LG