Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Иракка жардам көрсөтүү маселесин талкуулаган Ыстамбул жыйыны


Ирактын алты кошуна мамлекетинин - Йордания, Сирия, Кувейт, Иран, Сауд Арабстан менен Түркиянын жана кошуна эмес Мисирдин тышкы иштер министрлеринин кечээ күнү Ыстамбул шаарында башталган жолугушуусу бүгүн уланып, жыйынга катышкандар Иракка жардам көрсөтүү маселелерин талкуулады. Кабыл алынган коммюникеде - Ирактын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу керек экени да айтылат. Бир топ күрд тургуну бар Иран, Сирия жана Түркия болсо, Иракта күрддөрдүн кыймылы күчтөнүп баратканы тууралуу тынчсыздануусун дагы билдирди. Бүгүнкү жыйынга Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари да катышты.

XS
SM
MD
LG