Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Жогорку сот имаратынын алдындагы нааразылык


БИШКЕК. №59-Чүй, №21-Токтогул, №6-Асанбай шайлоо округдарынын алтымышка жакын шайлоочулары 1-майда нааразылык иш-чарасын улантышты. Алар сот имарат алдына «Жогорку сот кызматтан кетсин», «Элге акыйкаттык керек», «Жогорку сот Аскар Акаевдин командасы» деген плакаттарды илип алышып, 22-апрелден тарта Жогорку сот имаратын ээлеп алып турушат. Мындан бир нече күн илгери Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү боюча арыз берген. Жогорку Кеңеш К.Осмоновдун арызын кароону он экинчи майга жылдырган. Буга байланыштуу нааразылык акциясынын катышуучулары Жогоку Кеңештин депутаттарынын арасында Аскар Акаевдин талапкерлери көп экендигин айтышып, келечекте нааразылык акциясын Жогорку Кеңеш имарат алдында улантарын эскертишти.

XS
SM
MD
LG