Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Түркиянын премьер- министри бүгүн палестин жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрөт


Кечээ Израилге эки күндүк иш сапары менен келген Режеп Эрдоган Анкара Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү "тынчтыктын кепили" болууга умтулуп жатканын белгиледи. Израилдин президенти Моше Кацав жана премьер- министри Ариэль Шарон менен жолуккан соң Эрдоган Түркия жөөт-палестин чатагын жөнгө салуу ишине салым кошууга даяр экенин да кошумчалады. Израилдин президенти Моше Кацавдын сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Жакынкы Чыгыш чөлкөмү азыр өзгөрүүнү баштан кечирип жатат:

-Жакынкы Чыгыш жаңылануу жараянында. Ал он жыл мурдагыдай эмес жана дагы он жылдан кийин азыркыга окшобойт. Менимче Түркия, Израил жана региондун бардык акыл- эстүү күчтөрү бул аймакта жашаган калктын бакубатчылыгы, тынчтык үчүн кызматташуусу керек.

Түрүк өкмөт башчысы палестин лидерлери менен бүгүн Рамалла шаарында жолугат. Ал ошондой Иерусалим шаарынын эски бөлүгүндөгү ал-Акса мечитинде болмокчу.

XS
SM
MD
LG