Өлкөнүн түндүгүндөү Талль-Афар деген шаарында, Күрдүстан Демократиялык партиясынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, жанкечти айдаган автоунаа ишемби күнү киши колдуу болгон күрд саясатчынын тажиясы өтүп жаткан учурда жардырылган. Бирок АКШ командачылыгы жардыруу жанкечти тарабынан ишке ашырылбаганын билдирди. Ал эми башкалаа Багдадда алты автоунаа жардырылып, натыйжада алты жөн жай тургун каза таап, беш америкалык жоокер жаракат алды. Багдаддын башка бир районунда 30 тай козголоңчунун кол салуусунан ирактык беш полицей мерт болду.