Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндө 35 жыл мурда кабыл алынган келишимдин аткарылышын кароого арналган конференция беш жылда бир өткөрүлөт. Анын ишине дүйнөнүн 190дой өлкөсүнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бүгүн башталуучу конференция 27- майга чейин созулмакчы. Бул окуянын алдында Иран өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу жаңы эскертүү жасады. Өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хаменеинин улуттук теле көрсөтүүдөн билдиргенине караганда, 17- июндагы президенттик шайлоодо ким жеңип чыкканына карабай, Иран өзүнүн атомдук программасын улантат. Хаманеинин айтымында, өзөктүк технологияга жетүү үчүн Иран эч кимден уруксат алууга муктаж эмес. Тегеран АКШнын өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деген айыптоосун төгүндөп келүүдө.
Мунун аралыгында Түндүк Корея кечээ жакынкы аралыкка учуучу ракетасын сынаганы кабараланды. Ак үйүндүн аппарат башчысы Эндрю Карддын билдиргенине караганда, АКШ азыр бул маалыматтын чын -төгүнүн иликтөөдө. Кабарлага караганда , Пхеньян ракетасын Жапон деңизин көздөй учуруп, ал деңизге кулаган. Түндүк Корея айтып келе жаткандай, азыр анда өзөктүк бомбанын бир нечеси бар.