Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Базаркоргондуктар Бишкекке жүрүш жасайбы?


ЖАЛАЛАБАТ. Базаркоргон райондук бийлик имаратын ээлеп турган атуулдар президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңеш төрагасына жана жалпыга маалымадоо каражаттарына кайрылуу жолдошту. Анда райондук бийликтин имаратын ээлеп турган 80ден ашык киши кадр маселесин туура чечип, президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковду отставкага кетирүүнү, элдик координациялык кеңеш шайлаган Райымбек Маматкуловду райондун акимдигине бекитүүнү талап кылышкан. “Ата мекен” саясий партиясынын өкүлү Кубатбек Артыков дүйшөмбүдө билдиргенине караганда, кайрылуудагы талаптары аткарылбаса, райондук бийликтин имаратын ээлеп тургандар убактылуу аким отурган имаратты каратып алуу аракетин жасашат, Ош-Бишкек жолун тосушат жана облустук бийлик менен Акүйдү көздөй жөө жүрүш башташат. Президенттин жардыгы менен райондун акимдигине дайындалган Айтмамат Осмонов бийлик имаратынын ичинде 30-40 адам жүргөндүгүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG