Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Президенттик шайлоого чейин атуулдарга паспорт берилиши ыктымал


БИШКЕК. 2005-жылдын биринчи январына карата эле Кыргызстанда 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт бланкалары калган эмес. Ошондой эле мурдагы бийликтин кетирген кемчилигине байланыштуу бүгүнкү күнгө карата жаңы үлгүдөгү паспорт даяр боло элек. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин палатадагы маалыматына караганда, учурда үч жүз миңден ашуун атуул паспорту жок жүрөт. Мындай көрүнүш өз мезгилинде жумушу жок атуулдардын башка өлкөлөргө кетишине тоскоол болуп, өлкөдөгү мыйзам бузуучулукка өбөлгө түзүүдө. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, учурда өкмөт тарабынан атуулдарды президенттик шайлоого чейин паспорт менен камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG