Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Жогорку сот имаратынын алдында нааразылык иш чарасы улантылды


БИШКЕК. №59-Чүй, №21-Токтогул, №6-Асанбай шайлоо округдарынын шайлоочулары 2-майда нааразылык иш чарасын улантышты. Токтогул районунан депутаттыкка ат салышкан Токтогул Мадияровдун жактоочуларынан беш аял төрт күндөн бери ачкачылык акциясын улантышууда. Мындан сырткары Туратбек Андашевдин да он жактоочусу ачкачылык кармашууда. Ачкачылык жарыялагандардын ден-соолугун Биринчи май районуна караштуу №7 поликлиниканын кызматкерлери келип текшерүүдө. Мындан бир нече күн илгери Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү боюча арыз берген. Жогорку Кеңеш Осмоновдун арызын кароону он экинчи майга жылдырган. Нааразылык иш чарасынын катышуучулары Жогорку соттун төрагасы кызматтан кетип, алардын талабы канааттандырылгандай чечим чыгарылгыча нааразылык акциясын улантышаарын эскертишти.

XS
SM
MD
LG