Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 13:26

Курманбек Бакиев өлкө түштүгүнө барат


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр Курманбек Бакиев 3-майда Жалалабад облусуна иш сапары менен барары болжолдонууда. Иш сапардын учурунда Бакиев Аксы, Алабука райондорунда болуп, элдин социалдык өнүгүү абалы менен таанышып, Боспиек айылында чоң жыйынга катышмакчы. 4-майда Курманбек Бакиев Ош облусун кыдыруусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президенттин милдетин аткаруучу дүйшөмбү күнү Талас облусунда болду.

XS
SM
MD
LG