Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Түркмөнстанда жаңы Акыйкатчы дайындалды


Түркмөн президенти Сапармурад Ниязовдун жардыгына ылайык эми Демократия жана адам укуктары боюнча улуттук институттун башчылык кызматын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Аннагул Режепова аткарат. Президенттин жардыгында айтылгандай ал сынак ирээтинде алты ай иштемекчи. Кокус жумушу талаптагыдай болбосо, башка кызмат берилбестен бошотулат. Демократия жана Адам укуктары боюнча улуттук институт Түркмөнстанда тикелей президентке баш ийиет. Ал укук укоргоо органдарынын аракеттери боюнча атуулдардын даттанууларын текшеришип турушу керек. Бирок чындап келгенде институттун ыйгарым укуктары өтө эле чектелүү. Анын мурдагы башчысы, вице- премьер- министри Рашид Мередов өкмөттөгү кызматтарынын дээрлик барынан өткөн айда кол жууду.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган –Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG