Евробиримдиктин аткаруучу органы- Еврокомиссиянын төрага орун басары Гюнтер Ферхойген Орусия Балтика боюндагы өлкөлөргө дээрлик 50 жылга созулган советтик оккупация учурунда келтирлген чыгымды таанышы керек деп эсептейт. Дүйшөмбү күнү Таллинде сүйлөгөн сөзүндө Ферхойген Орусия менен мүчөлөрү Эстония, Лативия, Литва да эсептелген Евробиримдиктин мамилеси "чындыкка негизделиш" керектигин билдирди. Ферхойгендин айтымында, ал бул маселени Евробиримдик менен Орусиянын 10—майда Москвада өтүүчү саммитинде көтөрөт.