Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кайра баштоого даярданууда


Ирандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөдө жакын арада кээ бир өзөктүк изилдөөлөр жандантылат. Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен бир нече сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин Иран андай изилдөөлөрдү 2004-жылдын аягында убактылуу токтоткон, бирок эми - андан зыян тартып жатканы тууралуу билдирүүдө. Нью-Йорктогу конференцияда Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы кечээ күнү Тегеранга кайрылып, изилдөөлөрдү баштабоону суранды. Ирандын айтымында, анын өзөктүк программасы эч аскерий максатты көздөбөйт.

XS
SM
MD
LG