Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Нью-Йоркто өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси боюнча ири конференция башталды


Нью-Йорк шаарында кечээ күнү өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси боюнча ири эл аралык конференция башталды, ага 180ден ашык мамлекеттин өкүлү катышууда. АКШ мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Стивен Рэдмейкер жыйында Иран маселесин көтөрдү:

- Анын өзөктүк изилдөөлөрү аскерий максатты көздөбөгөнүн же ал иштер менен аскерий программа жашырылып жатпаганы, же аны менен жаңы бир жашыруун өзөктүк тармак түзүлүп жатпаганы тууралуу Иран толук жана текшерилүүгө мүмкүн болгон далилдерди берүүгө тийиш.

Жыйындын ачылышында чыгып сүйлөгөн Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, мындан 35 жыл мурда түзүлгөн Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишим эскирди жана аны кайра иштеп чыгуу зарыл.

XS
SM
MD
LG