Иракта түндө дайынсыз жоголгон эки аскерий учактын биринин калдыктары жана анын учкучунун денеси табылды. Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, кимдир бирөө аларды атып түшүргөнү тууралуу, же алар кагылышып кеткени жөнүндө эч далил жок, бирок учактар эмнеден кыйраганы да азырынча так белгисиз. Андан тышкары, Ирак менен Сирия ортосундагы чек арага жакын жерде куралдуу кагылышуу чыгып, бүгүн 12 лашкер өлтүрүлдү, бир ирактык жоокер жана эки карапайым адам окко учту. Өлкөнүн жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн мүчөлөрү болсо бүгүн салтанаттуу ант берди.