Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Иракта курман болгон италиялык агент боюнча талаш-тартыштар уланууда


Февралда Иракта Италиянын коопсуздук кызматынын офицери Никола Калипари курман болгон окуя боюнча Вашингтон менен Рим ортосундагы пикир келишпестиктер жоюла элек. Кечээ күнү Италия өкмөтү тараткан маалыматка караганда, америкалык күзөтчүлөр Калипарини атайылап атканы тууралуу ачык далилдер жок, бирок ага аскерлердин татаал кызмат шарттары түрткү болгон жана күзөттө тажрыйбасыз солдаттар турган. Ошондуктан АКШ жетекчилиги күзөт иштери боюнча жаңы так эреже орнотууга тийиш. Америкалык тараптын айтымында, италиялык агенттин машинесине ок атканда, күзөтчүлөр эреже бузган эмес. Иракта барымтага алынган журналист Жулиана Сгренаны 4-февралда Калипари бошотуп келатканда, америкалыктар анын машинесине ок жаадырган жана ал журналистти денеси менен жаап, өзү курман болгон. Алардын жанында отурган дагы эки адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG