Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

4-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 4-майда Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде гана кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30 градус жылуу
Чүй, Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31 градус ысык болот.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27 градус жылуу
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +28...+30 градустун айланасында.
Күндүн узактыгы 14 саат, 14 мүнөт.



Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG