ЖАЛАЛАБАТ. Соодагерлер шаардык мэриянын алдында митинг өткөрүшүп, ага 70тей адам катышты. Алар талаптары жазылган плакаттарды көтөрүшүп, салыктардын жана текшерүүлөрдүн көптүгүнө, ижаралык акылардын кымбаттыгы менен базарда тартиптин жоктугуна, кошумча жумуш орундардын жоктугуна нааразылыктарын билдиришти. Текшерүүлөрдү уюштуруп жатат дешип, шаар башчынын биринчи орунбасары Садыр Айтбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алар менен жолугушкан мэрдин биринчи орунбасары Садыр Айтбаевдин түшүндүргөнүнө караганда, текшерүүлөр анын буйрук же көрсөтмөсү менен жасалган жок. Төрт пайыздык жергиликтүү салык алуу шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган. Садыр Айтбаев соодагерлер кимдир бирөөлөрдүн тукуруусу менен митингге чыгышты деген пикирин билдирип, кырдаалды иликтөө үчүн эки тараптуу комиссия түздү.