БИШКЕК. Казакстан ээлик кылууга аракеттенип жаткан Ысыккөл жээгиндеги төрт пансионаттын кимге тийиштүүлүгүн дагы бир ирет иликтеп чыгуу казак өкмөтүнө сунушталды. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун казак өкмөтүнө жазган катында төрт пансионатты курууга ким тараптан канча каражат кеткендигин тактап чыгып, ошого жараша чечим кабыл алуу сунушталды. Бул тууралуу 3-майда тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Мурат Азымбакиев билдирди. Ал эми Кыргызстан менен Казакстан 2003-жылдын аягында кол койгон союздаштык мамиле тууралуу келишимди ратификациялоо кыргыз парламентинин тийиштүү комитетинде карала баштады. Андан сырткары кыргыз-казак өкмөттөрү жакынкы арада өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү макулдашты, деп белгиледи Азымбакиев.