Партия төрагасынын орун басары Рахматулло Валиевдин кечээ Душанбедеги пресс –конференцияда билдиргенине караганда, алар муну менен өз лидери Махмадурзи Искандеровдун камакка алынышына каршылык билдирүүдө. Тажик бийликтери Искандеровду, мамлекетин каражатын жеп ичкени, куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн жана террорчулукка катышы бар деп айыптоодо. Искандеров расмий Душанбенин өтүнүчү менен былтыр декабрда Орусияда кармалып, бирок Тажикстанга өткөрүп берүүгө негиз жок деген жүйө менен жакында бошотулган эле. Анын адвокаттарынын айтымында, ал кайра эле Орусияда кармалып, Тажикстанга жашырун алынып келинген. Камакка алынганга чейин Искандеров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган болчу.
Таңкы жаңылыктарды даярдаган-Улан Эшматов, Прага
Таңкы жаңылыктарды даярдаган-Улан Эшматов, Прага