Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Иран уранды байытууну улантат, АКШ кайрадан эскертүүдө


Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Вашингтондун Иранга граждандык программа деген шылто менен өзөктүк куралды өнүктүрүүгө умтулбоо жөнүнүндөгү эскертүүсүн кайрадан кайталады. Ал бул тууралуу Вашингтондо Евробиримдиктин тышкы саясатты тейлеген өкүлү Хавьер Солана менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында айтты. Мунун алдында Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча Нью-Йоркто, Улуттар уюмундагы конференцияда буларды билдирген эле:

-Иран өз тарабынан өзөктүк технолигиянын мыйзам уруксат берген бардык багыттарында, анын ичинде уранды байытуу боюнча да иштерди тынчтык максатта гана жүргүзүүгө бекем ниеттүү. Биз өзөктүк программабыз такай тынчтык максатты гана көздөөрү боюнча бардык зарыл кепилдиктерди берүүгө даярбыз.

Тегеран эл аралык коомчулуктун тынчызданууларына байланыштуу өткөн жылдын соңунда өзөктүк отун менен байланышкан иштерин токтотууга макул болгон эле.

Ал эми Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи конференциядагы сөзүндө Иранды буга чейин токтотуп койгон иштерин кайра жандандыруудан карманууга чакырды.

XS
SM
MD
LG