Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Нааразы темир жолчулар өкмөт үйүнө келишти


БИШКЕК. 26-апрелден бери ачкачылык акциясын өткөрүп жаткан темир жолчулар 4-майда өкмөт үйүнүн алдына келишти. Алар менен вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов чыгып жолугушту. Ал темир жолчуларга убакыт табаары менен нааразылык чарасы өтүп жаткан жерде жолугушуп, маселени талкуулоону убада кылды. Анын алдында темир жолчулардын өкүлдөрү «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, темир жол тармагында кырдаал оор экенин белгилешти. Темир жолчулардын кесиптик кошуунунун борбордук комитетинин төрагасы Эрнис Докеновдун билдиргенине караганда, бийлик тогуз күндөн бери элдин нааразылыгына көңүл бурган жок. Нааразы тарап талабы аткарылмайынча артка кайтпай турганын билидирүүдө. Маалыматка караганда, ачкачылыкта отургандардын саны 21. Алар “Кыргызтемиржол” башкармалыгынын азыркы директору Нариман Түлеевди кызматтан кетишин, анын ордуна кесипкөй темир жолчулардын бирин дайындоону талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG