Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Жогорку соттун төрага орун басарлары президенттин милдетин аткаруучу К.Бакиевге кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. 4-майда Жогорку соттун төрага орун басарлары Ж. Досматов, А.Давлетов, К. Акназарова, А. Альпиева президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевге ачык кат жолдошту. Анда 22-апрелден бери Жогорку соттун имаратын ээлеп алышкан парламенттик шайлоодо депутаттыкка ат салышкан Болот Андашевдин, Токтосун Мадияровдун, Шарипа Садыбакасованын 60тан ашуун тарапкерлерин имараттан бошотууга Курманбек Бакиевдин чара көрүүсүн, судьялардын коопсуздугун камсыз кылуусун өтүнүшкөн.
22-апрелден бери №59-Чүй, №2-Токтогул, №6-Асанбай шайлоо округдарынын шайлоочулары тарабынан Жогорку соттун имараты ээленип, иши убактылуу токтотулган. Учурда 300дөн ашуун кылмыш иши жана атуулдук, экономикалык иштер каралбай турат.

XS
SM
MD
LG