Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Иракта дагы 60 кишинин өмүрү кыйылды


Ирактын түндүгүндөгү Арбил шаарында жанкечтинин чабуулунан кеминде 60 киши набыт болду.
Түрдүү булактар күрт калктуу шаардын полиция борборундагы жардыруудан азы 40, көбү 60 кишинин өмүрү кыйылганын, 100 чакты адам жарадар болгонун кабарлашууда.

Кечээ күнү Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарынын жанында кум аралаш катуу шамалда болгариялык аскерлер түшкөн автомобиль коңторулуп кетип, эки жоокер курман болгону маалымдалды.
Муну менен Иракта курман болгон болгариялык аскерлердин саны онго жетти.

Дания өкмөтү менен парламенттеги оппозициялык партиялар ортосундагы макулдашууга ылайык, даниялык 530 аскер Иракта келерки жылдын 1-февралына чейин калтырылмак болду.

Ирак өкмөтү майдын алгачкы күнү Тикрит шаарында өлкөнүн мурдакы президенти Саддам Хусейндин небереси Айман Сабави кармалганын билдирди.
Билдирүүдө Сабави жана анын мурда колго түшкөн бир тууганы Ибрагим террорчу топторго каруу жарактан жана акчалай жардам көрсөткөнү айтылат.

XS
SM
MD
LG