Кол салуу түн ортолоп калган чакта башталган. АКШ элчилигинин алдында ай талаада түнөп калган 70 чакты демонстранттардын көбү аялдар менен балдар эле. Окуяны өз көзү менен көргөн ”Азаттыктын” Ташкендеги кабарчысы Хуснитдин Кутбиддинов буларды билдирди:
-Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жык толгон эки автобус келип, ал жердеги адамдарды аял-эркегине карабай резина союлдар менен сабап киришти. АКШ элчилигине чукул жерде орнотулган чатырда демонстранттардын 9-10 айлык чүрпөлөрү да бар эле. Полициячылар ал чатырларды тебелеп-тепсеп эле кетишти, наристелер эмне болгонун билбейм, алар уктап атышкан эле. Менимче, бардык эле демонстранттар жараат алышты. Оозу-мурду канжалаган адамдарды автобуска күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишти.
”Азаттыктын” кабарчысы Хуснитдин Кутбиддинов окуяны ушундайча маалымдады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Ташкендеги кабарчысы Галима Бухарбаева шейшембиде полиция элчиликтин алдында чогулган адамдарга тамак-аш, суу жеткирүүгө тоскоолдук кылып, жолду тосуп турганын айтат.
-Демонстранттар ансыз да жүрөгү түшүп калтырап калышкан. Түн ортосунда полиция каптап киргенде, ал жердеги адамдар полициянын алдын тосуп жүгүрүп чыгып: «Жансоога! Биз өзүбүз эле кетебиз!» деп чыркырап жатышты. Ага карабай полициячылар элди резина союлдар менен уруп-сабап, чаң асманга сапырылып калды, - дейт Ташкендик журналист.
Өзбекстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Вячеслав Тутин АКШ элчилигинин алдында чогулган демонстранттар полицияга кол көтөргөнү үчүн кармалды деп билдирди. ”Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Тутин нааразылык акциясы мыйзамсыз уюшулганын, уруксатсыз акциянын катышуучулары үйлөрүнө, Шахризапс шаарына жеткирилгенин кошумчалады.
Шейшембиде Кашкадарыя областындагы Шахризапс шаарынан келген 100гө чукул адам өзбек өкмөтүнүн адам укуктарын басмырлоосуна каршылык билдирип, АКШ элчилигинин алдына демонстрацияга чыгышкан. Алардын көбү – белгилүү өзбек фермери, дыйкан чарбасы 1999-жылы өзбек бийликтери тарабынан тартылып алынган Баходир Чориевдин туугандары эле. Чориев бийликтердин өз менчигин тартып алганына нааразылык билдирип, улам бир акция уюштуруп, ал үчүн бир нече жолу камакка алынган. Ушул жылдын январь айында куугунтукка кабылган өзбек фермери АКШдан саясий башпаанек алган, ал өзү азыр Кошмо Штаттарда жашап жатат.
Чориев башынан эле бийликтегилерден өз менчик мүлкүн кайтарып берүүнү, өзбек премьери Шавкат Мирзияевдин жана Мамлекеттик мүлк боюнча комитеттин башчысынын отставкага кетишин талап кылып келатат. Шейшембиде АКШ элчилигинин алдындагы акцияны жетектеген Чориевдин бир тууганы Бахтияр буларга токтолду.
-Бул окуя төрт жылдан бери чубалып келатат. Биз өз дыйкан чарбабызга тийиштүү жер-мүлктүн баарын акчага сатып алганбыз. Өкмөттүн аны тартып алууга укугу жок!
Ташкендеги акциянын айрым катышуучулары: ”Коррупция жана адилетсиздик саргылт ыңкылаптарга алып барат. Силер ушуну каалап турасыңарбы?” деп жазылган ураанды кармап турушту. Азырынча демонстранттар үйлөрүнө аман-эсен жеткирилгени тууралуу так маалыматтар түшө элек, алардын тагдыры беймаалым. АКШ элчилиги шаршембиде билдирүү таратып, бул окуяга байланыштуу терең өкүнүчтө экенин маалымдады.