БАТКЕН. 5-май күнү Баткен облустук администрациясынын аппарат башчысы Адылбек Шадымановдун билдиргенине караганда, Баткен районунун Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Хушяр айылынын чектеш жериндеги көпүрө өзбек атуулдары тарабынан таштар менен тосулуп салынган. Азыр Баткен районунун бир катар айылдарынын калкы облус борборуна ыңгайсыз жаман жол менен айланып жүрүүгө аргасыз болууда. 4-май күнү кечинде Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов менен Фергана облусунун акиминин орунбасары Гонижан Рустамов жолугушуп, ар бир тарап өз элин тынчтандырууга аракет кылышаарын билдиришти. Андан сырткары бүгүн Баткен районунун акими Алияр Имаров, Сох районунун акими Хокимжан Сайфидинов менен жолугушуу өткөрүштү. Жыйынтыгында кагылышууну басууда жергиликтүү бийликтин ролу чоң экенин, жакынкы күндөрү маселе оң жагына чечилишин белгилешти. “Ынтымак” бейөкмөт уюмунун кызматкери Жылдызбек Амиралиевдин айтымында, Чарбак айылынын жашоочулары төрт кундөн бери суусуз, ал эми окуучулар Согмент айылында жайгашкан мектепке бара албай отурушат.