Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

«Бител» компаниясын талашкандар көп


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Бител» ишканасынын чет өлкөлүк кайсы компанияга тиешелүү экендигин сот чечет. Мындай пикирин вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 4-майдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, «Бителдин» 100 пайыздык акциясын сатып алганбыз деген казакстандык «Фелловез интернешнл холдингс лтд» деген компаниянын өкүлдөрү маселени өздөрүнө пайдалуу кылып чечүүсүн талап кылып Данияр Үсөновду коркутушкан. «Коркутуу казакстандык ишкерлердин тарбиясынын жетишпегендиги» деп эсептээрин белгилеген Данияр Үсөнов «Бителдин» мурунку кожоюндары аны орусиялык дагы , казакстандык да компанияга сатып кетишкен» деген бүтүмгө келип жаткандыгын билдирди. Казакстандагы «Альянс капитал» деген компаниянын өкүлдөрү «Бителди» түзгөн үч кожоюундун 100 пайыздык акциясын сатып алгандыгын 13-апрелде жарыя кылган. Андан кийин Бишкектеги райондор аралык соту компания орусиялык «Фелловез интернешнл холдингс лтд» компаниясына тиешелүү деп чечим чыгарган. Казакстандык ишкерлер соттун мындай чечими туура эмес деп, эл аралык сотко кайрылып, кыргыз өкмөтүнөн тарткан зыяны үчүн 300 миллион доллар өндүрүп алаарын жарыя кылган. Ал эми бул күндөрү «Бителдин» кызматкерлери кеңсесин күнү- түнү кайтарып, казакстандык ишкерлерге бербөө аракетин көрүп жатат. Экс-президент Аскар Акаев Англиялык «Гардиан» гезитине берген маегинде «Бител» уулу Айдарга тиешелүү экендигин мойнуна алган болчу.

XS
SM
MD
LG