Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Орусия менен кош жарандуулук киргизилеби?


БИШКЕК. Орусия Кыргызстан менен кош жарандуулук статусун киргизүүгө толук даяр. Мындай пикирин Орусия Думасынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев «АКИpress» агенттигинин Москвадагы кабарчысына берген интервьюсунда билдирген. Константин Косачевдин пикирине караганда, эки өлкөнүн жогорудагыдай кадамга барышына Кыргызстандын жаңы бийлигинин Орусияга жакындоо саясаты жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилеси негиз болот. Март ыңкылабынан кийин Кыргыстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын алгачкы иш сапары Орусияга жасалган. Иш сапары учурунда Отунбаева Орусия Кыргызстандын стратегиялык маанилүү өнөктөшү болгондугун жана жаңы бийлик келечекте ушул багытта иш алып барарын ачык билдирген.

XS
SM
MD
LG