Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:37

Түркиянын Тышкы иштер министри Бишкекте


БИШКЕК. 5-майда Кыргызстанга Туркиянын вице-премьер министри жана Тышкы иштер министри Абдулла Гүл иш сапар менен келди. Ал президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев, Тышкы иштер министри Роза Отунбаева, вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жана парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп, Кыргызстан менен Туркиянын ортосундагы мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайт. Ал эми 5-майда Кыргыз-Түрк университетинин ректору жана башка жетекчилери менен жолугушуп, окуу жайдын мындан аркы өнүгүүсү жөнүндө пикир алышаары белгиленген.
XS
SM
MD
LG