Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Америкалык Конгресс Ооганстан менен Ирактагы иштерге кошумча каражат бөлдү


Европага сапарга чыгаар алдында АКШ президенти Жорж Буш литвалык сыналгыга интервью берип, Беларус азыр Европадагы жалгыз калган диктаторлук мамлекет деп билдирди. АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр жыйыны болсо кечээ күнү Ирак менен Ооганстандагы аракеттер үчүн кошумча 82 миллиард доллар бөлдү. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгү - 76 миллиард - Ооганстандагы аскерий аракеттерге жумшалат. Багдад шаарынын алдындагы "Абу Грейб" абагынан чыккан чатак менен байланыштуу президент Буш кечээ күнү генерал айым Янис Карпинскинин генералдык наамын алып салды.

XS
SM
MD
LG