Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Улуу Британиядагы парламенттик шайлоодо биринчи орунда Блэрдин партиясы келатат


Кечээ күнү Улуу Британияда парламенттик шайлоо өткөрүлдү жана алгачкы маамалыматтарга караганда, биринчи орунда бийликтеги Лейбористтик партия келатат. Эгер алар жеңишке жетишсе, премьер-министр Тони Блэр удаасы менен үч шайлоону уткан биринчи лейборист жетекчи болот. Анын атаандаштары - Консерваторлор партиясынын төрагасы Майкл Говард жана либерал-демократтардын башчысы Чарльз Кеннеди. Кечээ күнү добуш берүү учурунда Нью-Йорктогу британиялык консулдук алдында эки майда жарылуу болду, эч ким жапа чеккен жок.

XS
SM
MD
LG